Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 19
Чаткал райондук аскер комиссариатынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык кеңеши Чаткал райондук аскер комиссариатынын майору А.Акматбековдун кайрылуусунда аскер комиссариатына курулуш материалдык, эмерек жабдууларды алуу боюнча берген кайрылуусун карап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу райондук аскер комиссариатынын билдирүүсү эске алынсын..
2. Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бюджетинин тартыштыгын эске алып, Чаткал райондук аскер комиссариатынын кайрылуусун чечип берүү 2019-жылга калтырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |