Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 20
Райондук балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңеши Райондук балдар жана өспүрүм спорт мектебинин директорунун кайрылуусун карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл айылындагы Балдар жана өспүрүм спорт мектебинин директорунун кайрылуусу эске алынсын.
2. Балдар жана өспүрүм спорт мектебине керектелүүчү тиешелүү акча каражатын кайра карап, тактап бөлүп берүү бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке калтырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |