Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин

2009-жылдын 15-январындагы ПЖ № 31 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

УКАЗ

2005-жылдын 19-январы ПЖ № 22

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу илим

жана инновациялык технологиялар боюнча Координациялык

кеңешти түзүү жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Президентинин

2005-жылдын 29-ноябрындагы ПЖ № 602 Жарлыгынын.

2008-жылдын 19-майындагы ПЖ № 165 Жарлыгынын

редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасында илим-техникалык жана инновациялык ишти өнүктүрүүнү тездетүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу илим жана инновациялык технологиялар боюнча Координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу илим жана инновациялык технологиялар боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө тиркелген Жобо (№ 1 тиркеме) бекитилсин.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-майындагы ПЖ № 165 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

3. Координациялык кеңештин жооптуу катчысы бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу илим жана инновациялык технологиялар боюнча Координациялык кеңештин аткаруучу органы жөнүндө Жобону иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө киргизсин.

4. Бул "Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 29-ноябрындагы ПЖ № 602 Жарлыгынын, 2008-жылдын 19-майындагы ПЖ № 165 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президент

Кыргызской Республики

 

А.Акаев

 

№ 2-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2005-жылдын 29-ноябрындагы № 602

Жарлыгы менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу

илим жана инновациялык технологиялар боюнча

Координациялык кеңештин

КУРАМЫ

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2008-жылдын 19-майындагы ПЖ № 165 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ