Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 23
Мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин кызматкерлердин сапар чыгымдарына каражат бөлүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңеши Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевдин билдирүүсүндө көрсөтүлгөндөй балдар бакчасынын кызматкерлеринин сапарга кетүүчү чыгымдарын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу балдар бакчалардын кызматкерлеринин сапар чыгымына бир статьядан 2- статьяга которуу жолу менен 100,0 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |