Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 24
Зыянга учураткан малдардын төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңеши, Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу, Башкы-Терек, Коргон-Сай, Каныш-Кыя, Айгыр-Жал айылдарынын тургундарынын токтомунда көп жылдык чөптөр, эгин талаасына түшкөн малдарды тартипке келтирүү жөнүндөгү элдик жыйындардын протоколдорун айылдык Кенештин сессиясында бекитип берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдардын элдик жыйындарынын протоколдоруна ылайык зыянга учураткан малдардын төлөмдөрү бекитилсин.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын ар бир айылында бекитилген токтомго ылайык тузүлгөн комиссия менен бирдикте иш алып баруу жагы айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |