Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 25
Ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңеши Чаткал райондук прокуратурасынын 15.05.2018-ж. № 11/1-341-18 чыгыш сандуу ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндөгү сунушун карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал райондук прокуратурасынын берген ченемдик актыларынын бузулушун четтетүү сунушу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылына караштуу “Кайын-Суу” калктуу конушуна айыл статус берилсин деп 2018-жылдын 22-февралындагы №5 сандуу токтому мыйзамсыз деп табылып жокко чыгарылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |