Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 26
Каныш-Кыя МТС муниципалдык ишканасынын гаражын оңдоп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Каныш-Кыя МТС муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Алимбековдун билдирүүсүндө гаражды ондоп берүү жөнүндө кайрылган, Каныш-Кыя айылдык Кенештин VI чакырылышынын VIII сессиясында гаражды сатып алган, гаражды саткан адам сынган шиферлерди оңдоп түзөө, айланасын королоо, дарбаза коюу сунушталган,бирок ушул күнгө чейин аткарылбагандыгы, азыркы күндө техникаларды гаражга коюуга туура келип жаткандыгын көрсөткөн кайрылууну карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя МТС муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Алимбековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын бюджетинин тартыштыгына байланыштуу бюджетке акча түшкөндө кайра каралып бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |