Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 27
Муниципалдык обьектилерге талапка ылайык жабдууларды алып берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу бала бакчалардын, жалпы билим берүүчү мектептерде экотехинспекциянын талаптарына ылайык жабдууларды алып берүү боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу жалпы билим берүүчү мектептердин, бала бакчалардын керектүү жабдууларды алуу боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын билдирүүсү эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын бюджетинин тартыштыгына байланыштуу бюджетке кошумча акча каражаты түшкөндө кайра каралып бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |