Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 28
Каныш-Кыя айылынын таза суу долбооруна кошумча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевдин билдирүүсүн жана “АСТАС-Строй” ЖЧКсы тарабынан Каныш-Кыя айылына курулуп жаткан таза суунун долбоорундагы кемчиликтерди эске алуу менен кошумча курулуш материалдарын алууга жана жумуштарды аткарууга акча каражатын бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “АСТАС-Строй” ЖЧКсынын жетекчисинин таза суунун курулуш иштерин аягына чыгаруу боюнча жазган кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылына курулуп жаткан таза суунун сметасына ылайык акча каражатын бөлүп берүү жана суу жетпеген участокторду коштуруу жагы Таза Суу департаментинен жана Чаткал райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |