КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
2018-жылдын 7-июну № 29
Каныш-Кыя айылынын участкаларына таза суу чыгаруу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы, Каныш-Кыя айылынын тургундарынын Лесная жана Ногоев участкаларын таза суу менен камсыздоо боюнча керектүү материалдарды алууга жардам берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылындагы Лесная жана Ногоев участкаларын таза суу менен камсыз кылуу боюнча жазган элдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Азык-түлүк программасынын негизинде түзүлгөн сметалык баага карап бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |