Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 30
Айгыр-Жал айылынын участкаларына таза суу чыгаруу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы, Айгыр-Жал айылында Жаңы-Кыштак, Үстүңкү айыл участкаларына таза суу чыгаруу боюнча керектүү материалдарды алып берүүгө жардам берүү жөнүндө элдин кайрылуусун карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айгыр-Жал айылындагы Жаңы-Кыштак, Үстүңкү айыл участкаларын таза суу менен камсыз кылуу боюнча жазган элдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Азык-түлүк программасынын негизинде түзүлгөн сметалык баага карап бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |