Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июлу № 1
“Оптимум Трейд”ЖЧКсына геологиялык чалгындоого макулдук берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңеши, Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу “Аюучачы участкасынан” 160га жер аянтына “Оптимум Трейд” ЖЧКсына Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан 2017-жылдын 23-августундагы “Геологиялык чалгындоо максатында жер казынасын пайдалануу укугуна” берилген 5552 АР сандуу Лицензияга жана ушул Лицензиянын 2017-жылдын 11-декабрында берилген №2 Лицензиялык макулдашуусуна ылайык геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берүүгө, ошондой эле жогоруда аталган комитет тарабынан 2018-жылдын 12-июнунда “Казып иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна” берилген 6002 АЕ сандуу Лицензияга жана ушул Лицензиянын №1 Лицензиялык макулдашуусуна ылайык, Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу 5,34 га жер аянтына чачыранды алтынды казып иштетүүнун техникалык проектисин түзүүгө жер бөлүп берүү жөнүндө Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу “Аюучачы участкасынан” 160 га жер аянтына “Оптимум Трейд” ЖЧКсына Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан 2017-жылдын 23-августундагы “Геологиялык чалгындоо максатында жер казынасын пайдалануу укугуна” берилген 5552 АР сандуу Лицензияга жана ушул Лицензиянын 2017-жылдын 11-декабрында берилген №2 Лицензиялык макулдашуусуна ылайык геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндөгү” мыйзамынын 39-беренесинин 6-бөлүмүн жетекчиликке алып, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Ошондой эле Оптимум Трейд” ЖЧКсына жогоруда аталган комитет тарабынан 2018-жылдын 12-июлунда “Казып иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна” берилген 6002 АЕ сандуу Лицензияга жана ушул Лицензиянын №1 Лицензиялык макулдашуусуна ылайык, Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу 5,34га жер аянтына чачыранды алтынды казып иштетүүнүн техникалык проектисин түзүүгө, ал эми казып иштетүүгө Лицензиялык макулдашуу алгандан кийин, ушул Токтомдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндөгү” мыйзамынын 39-беренесинин 2-5-6 бөлүмдөрүн жетекчиликке алып, казып иштетүүгө жер бөлүп берүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.“Оптимум Трейд” ЖЧКсына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү, экологиялык коопсуздукту сактоо, салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдү өз убагында төлөп туруу жагы милдеттендирилсин .
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |