Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июлу № 2
“Баргы и Ко”ЖЧКсынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңеши Каныш-Кыя “Баргы и Ко” ЖЧКсынын жетекчиси чачынды алтынды казып иштетүү боюнча 29,17 га жер аянтын бөлүштүрүп берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл Кеңешинин “Баргы и Ко” ЖЧКсынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Жалпы элдик жыйындын протоколунун негизинде кайрадан кароого калтырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |