Редакцияот 20.07.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХIV сессиясы

 

2018-жылдын 20-июлу № 3

Каныш-Кыя МТС ишканасынын билдирүүсу жөнүндө

Каныш-Кыя айылдык Кеңеши, Каныш-Кыя МТС ишканасынын жетекчиси Т.Алимбековдун гаражды уюштурууга акча каражатын бөлүштүрүп берүү боюнча билдирүүсүн карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каныш-Кыя МТС ишканасынын жетекчисинин билдирүүсү эске алынсын.

2. Каныш-Кыя МТС ишканасынын гаражына жалпы талапка ылайыктуу смета проекти түздүрүп, зарылдыгына жараша акча бөлүштүрүп берип, гаражды толук аягына чейин бүтүрүү Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысына милдеттендирилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюжет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Бегалиев