Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июлу № 8
Кайың-Суу -2 сугат каналын тазалоо.ремонттоо долбоору жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңеши Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевдин Кайың-Суу-2 сугат каналын тазалоо, ремонттоо боюнча Азык-түлүк программасы тарабынан жактырылып сунушталган долбоорун карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын Кайын-Суу-2 сугат каналын тазалоо, оңдоо боюнча сунушталган долбоору эске алынсын.
2. Азык-түлук коопсуздук программасынын негизинде түзүлгөн сметалык баага карап бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |