Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июлу № 9
Кара-Булак участкасындагы курулуп жаткан бала бакчага кошумча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңеши Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевдин Кара-Булак участкасындагы курулуп жаткан балдар бакчасына курулуш иштери үчүн кошумча акча каражаты керектиги жөнүндө билдирүүсүн карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын Кара-Булак участкасындагы курулуп жаткан балдар бакчасы боюнча берген билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Булак участкасындагы балдар бакчасына сметада көрсөтүлгөн баада бюджеттен кошумча акча каражаты бөлүнүп берилсин .
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |