Редакцияот 20.07.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХIV сессиясы

 

2018-жылдын 20-июлу № 10

Чакмак-Суу ФАПынын айлана-тегерегин королоого кошумча каражат бөлүп берүү жөнүндө

Каныш-Кыя айылдык Кеңеши Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевдин Чакмак-Суу айылындагы ФАПтын жаңы курулуп жаткан имараттын айлана тегерегин королоо боюнча берген маалыматын карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын Чакмак-Суу айылындагы ФАПтын жаңы курулуп жаткан имаратынын айланасын королоо боюнча берген сунушу эске алынсын.

2. Чакмак-Суу айылындагы ФАПтын айланасын королоого сметада көрсөтүлгөн баада бюджеттен кошумча акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Бегалиев