Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июлу № 11
“Айчубак ”бала бакчасынын курулуш иштерине каражат бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңеши, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевдин “Айчубак” балдар бакчасынын курулуш иштерине кошумча акча каражат керектиги жөнүндө билдирүүсүн карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын “Айчубак” балдар бакчасы боюнча берген сунушу эске алынсын.
2. “Айчубак” балдар бакчасына сметада көрсөтүлгөн баада бюджеттен кошумча акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |