Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июлу № 12
Коммуналдык чарбага жумуш орундарын чечип берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын коммуналдык чарбасынын инженери М.Чонатаевдин Чакмак-Суу, Башкы-Терек, Коргон-Сай айылдарында таза суу түтүкчөлөрү бүтүп ишке берилгендиктен, эки жумушчу орунду чечип берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коммуналдык чарбанын инженеринин кайрылуусу эске алынсын.
2. Чакмак-Суу, Башкы-Терек, Коргон-Сай айылдарындагы таза сууга эки жумушчу орун бөлүштүрүлүп берилсин .
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |