КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХIV сессиясы
2018-жылдын 20-июлу № 14
Кылмыштуулуктун алдын алуу,коопсуздукту сактоо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңеши, Чаткал райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыштуулукту алдын алуу, жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча кайрылуусун карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал райондук ички иштер башкармалыгын коопсуздукту алдын алуу боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Кылмыштуулукту алдын алуу чаралары боюнча айылдын аксакалдар соттору эл менен бирдикте карап мыйзамга ылайык чечим чыгаруу жагы сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |