КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХIV сессиясы
2018-жылдын 20-июлу № 15
Участкалык шайлоо комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңеши, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы шайлоо боюнча Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу ар бир айылдардагы участкалык шайлоо комиссиянын курамын бекитип берүү жонүндөгү кайрылуусун карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдарындагы ар бир айыл боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндөгү сунушу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын ар бир участка боюнча түзүлгөн комиссияларынын курамдары бекитилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |