Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июлу № 16
Каныш-Кыя МТС муниципалдык ишканасына чөп чабуучу машина алуу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңеши Каныш-Кыя МТС муниципалдык ишканасынын жетекчисинин трактордук косылканын биздин шартка туура келбегендиктен аны КПС-5 чөп чабуучу машинасына алмаштыруу боюнча берген кайрылуусун карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя МТС муниципалдык ишканасынын жетекчисинин кайрылуусу эске алынсын.
2. Техникаларды алмаштыруунун мыйзамдуулугун карап чыгып, алмаштыруу жагы Каныш-Кыя МТС муниципалдык ишканасына эскертилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |