Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июлу № 17
Чакмак-Суу айылындагы ФАПтын курулуш иштерине кошумча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу айылындагы ФАПтын курулуш иштерине кошумча акча каражатын бөлүп берүү боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу айылындагы ФАПтын курулуш иштерине кошумча каражат талап кылынары эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен Чакмак-Суу айылындагы ФАПтын курулуш иштерине түзүлгөн сметага ылайык кошумча акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |