Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-октябры № 1
Күн тартибиндеги маселерди кийинки сессияга калтыруу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы,Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин 14.08.2018-жылдагы № 6,7 буйруктарына ылайык күн тартибиндеги каралуучу 1-2-маселелер боюнча Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин комитет төрагаларынын сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин комитет төрагаларынын күн тартибиндеги 1-2-маселелер боюнча сунуштары эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XV сессиясынын күн тартибиндеги биринчи жана экинчи маселелери менен кошумча каралуучу маселелер болуп жаткандыгына байланыштуу,ошондой эле комитеттердин толук кандуу иш алып барбай кечиктирип жаткандыгына байланыштуу эки маселе кийинки сессияга калтырылсын жана тиешелүү справкаларын өз учурунда даярдап беруу жагы комитет жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Ж. Бегалиев |