КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2018-жылдын 02-октябры № 2
Тоо-кен тармагы боюнча ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан ишканалар жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы,Каныш-Кыя айылдык Кенешинин 14.08.2018-жылдагы № 8 буйругуна ылайык, Каныш-Кыя айыл аймагында тоо-кен тармагы боюнча ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан фирмалардын иштери боюнча мыйзамдуулук,укук тартиби,жаратылышты коргоо,экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагында тоо-кен тармагы боюнча ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан фирмалардын иштери боюнча мыйзамдуулук,укук тартиби,жаратылышты коргоо,экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматы эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагында тоо-кен тармагы боюнча ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан фирмаларда кетирилип жаткан кемчиликтер көп болгондуктан,кайрадан убактылуу комиссия түзүлүп,депутаттык ыйгарым укуктардын чегинде карап чыгып,зарыл болгон учурда ишкана жетекчилери кийинки сессияга чакыртылсын жана ишке жайгаштырууда айылдар боюнча тең салмактуулукту сактап тиешелүү мекемелер менен иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук,укук тартиби,жаратылышты коргоо,экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |