Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXIV- сессиясы
2019-жылдын 26-марты № 34/1
“Каракол –Сөөк” суу пайдалануучулар ассоцациялардын бирикмесинин, техникалык кредиттин кайтарымы боюнча соттук процесстерге катышуу үчүн жактоочу жалдоого айыл өкмөтүнүн эсебинен акча каражатын бөлдүрүү тууралуу жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Каракол –Сөөк” Суу пайдалануучулар ассоцациялардын бирикмесине техникалык кредиттин кайтарымы боюнча соттук процесстерге катышуу үчүн жактоочу жалдоого, айыл өкмөтүнүн негизги бюджетинин 2215 4900 “Ар кандай чыгым” статьясынан 10000 (он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду жетекчиликке алып аткартуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Молдогазиевге милдеттендирилсин.
Төрага | К. Жумабеков |