КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2018-жылдын 02-октябры № 4
Жергиликтүү бюджетке кошумча план алуу жана чыгымдоо жөнүндө
Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10 айына карата пландан ашыкча түшкөн жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес төлөмдөргө жалпысынан 6465,0 миң сом. Мындан калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акыга 3465,0 миң сомго,атайын каражат эсебине 3000,0 миң сомго кошумча план алууга жана чыгымдоо боюнча айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10 айына карата пландан ашыкча түшкөн жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрго жалпысынан 6465,0 миң сом. Мындан калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акыга 3465,0 миң сомго, атайын каражат эсебине 3000,0 миң сомго кошумча план алуу жагы суралсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10 айына карата пландан ашыкча түшкөн жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес төлөмдөргө жалпысынан 6465,0 миң сом. Мындан калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акыга 3465,0 миң сом акча каражаты эң биринчи кезекте айыл Өкмөтүнүн корголгон беренелерине жана кредитордук карыздарына, ал эми атайын каражат эсебине түшкөн 3000,0 миң сом акча каражатын айыл аймагына караштуу Коргон-Сай айылынын ички көчөлөрүнө асфальт төшөөгө жана соц обьектилердин курулуш иштерине жумшалсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |