Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-октябры № 5
Коргон-Сай айылынын борбордук көчөсүн асфальттоо жөнүндө
Райондун соц пакетинин эсебинен айыл аймагынын атайын каражат эсебине кошумча түшкөн акча каражатынан Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнө караштуу Коргон-Сай айылына асфальт басууга 3000,0 миң сом акча каражатын бөлүп берүү үчүн айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каныш-кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнө караштуу Коргон-Сай айылына асфалть басууга 3000,0 миң сом акча каражатын бөлүп берүү үчүн айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Райондун соц пакетинин эсебинен айыл аймагынын атайын каражат эсебине кошумча түшкөн акча каражатынын эсебинен Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнө караштуу Коргон-Сай айылына асфальт басууга 3000,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Болунгон акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевге жана ФЭБнүн башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |