Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-октябры № 6
Каныш-Кыя айылындагы таза суу долбоорунун кошумча жаумуштарына каражат бөлүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылындагы 8,37 км таза суунун долбоордук сметалык документинен (ПСД) тышкары кошумча аткарылуучу жумуштар үчүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджеттинин атайын каражат эсебине кошумча түшкөн акча каражатынын эсебинен 2696,1 миң сом акча каражатын бөлүп берүү боюнча жана райондун соц пакетинин эсебинен 1000,0 миң сом бөлдүрүп берүү боюнча айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каныш-кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылындагы 8,37 км таза суунун долбоордук сметалык документинен (ПСД) тышкары кошумча аткарылуучу жумуштар үчүн каражат бөлдүрүп берүү боюнча айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнө караштуу Каныш-Кыя айылындагы 8,37 км таза суунун долбоордук сметалык документинен (ПСД) тышкары кошумча аткарылуучу жумуштар үчүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджеттинин атайын каражат эсебине кошумча түшкөн акча каражатынын эсебинен 2696,1 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана райондун соц пакетинин эсебинен 1000,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевге жана ФЭБнүн башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |