Редакцияот 02.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

 

2018-жылдын 02-октябры № 7

Кара-Булак участкасындагы бала бакчанын кошумча иштерине каражат бөлүп берүү жөнүндө

Айгыр-Жал айылынын Кара-Булак участкасына бала бакча салууга түзүлгөн жалпы долбоордун сметалык документи (ПСД) боюнча, 2018-жылдын жергиликтүү бюджеттин атайын каражат эсебине кошумча түшкон акча каражатынын эсебинен, кошумча жумушу үчүн 2635,7 миң сом акча каражатын бөлүп берүү үчүн, айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айгыр-Жал айылынын Кара-Булак участкасына бала бакча салууга түзүлгөн жалпы долбоордун сметалык документи (ПСД) боюнча кошумча каражат бөлүп берүү боюнча айылӨкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевдин билдирүүсү эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылынын Кара-Булак участкасына бала бакча салууга түзүлгөн жалпы долбоордун сметалык документи (ПСД) боюнча 2018-жылдын жергиликтүү бюджеттин атайын каражат эсебине кошумча түшкөн акча каражатынын эсебинен, кошумча жумушу үчүн 2635,7 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Бөлунгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл Өкмөтүнун башчысы Н.Жолдошевге жана ФЭБнүн башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Бегалиев