Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-октябры № 8
Долбоорлордун өздүк салымдары үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтү Азык- тулук долбоору менен биргеликте түзүлгөн долбоордун сметалык документи (ПСД) боюнча 1087,3 миң сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин атайын каражат эсебине кошумча түшкөн акча каражатынын эсебинен бөлүп берүү үчун айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каныш-кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтү Азык-тулук долбоору менен биргеликте түзулгөн долбоордун сметалык документи (ПСД) боюнча кошумча каражат бөлүп берүү боюнча айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтү Азык-тулук долбоору менен биргеликте түзүлгөн долбоордун сметалык документи (ПСД) боюнча 1087,3 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин атайын каражат эсебине кошумча түшкөн акча каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевге жана ФЭБнүн башчысы К.Темирбеков милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |