Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-октябры № 10
“Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасын ачуу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын алдындагы “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын жобосун бекитүү жана ишкананын директорун дайындоо жөнүндө кайрылуусун карап чыгып,Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын алдындагы “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишкананын жобосу бекитилсин.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын алдындагы “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору болуп Чоңатаев Мундуз Орозалиевич дайындалсын.
3. Каныш-Кыя айыл аймагынын алдындагы “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын документтерин(жобосун,мөөрү,штампы) даярдоого кетүүчү чыгымы Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
5. Каражаттын бөлүнүшүн көзөмөлгө алуу жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин бюджет,экономика,муниципалдык менчик,инвестиция боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
6. Бул токтом Cnatkal.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
9. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Ж. Бегалиев |