Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-октябры № 11
Жалпы билим берүүчү мектептердин интернет байланышына каражат бөлүү жөнүндө
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын райондогу жалпы билим берүүчү мектептердеги интернет байланышынын абоненттик төлөмдөрүнө каражат бөлүү боюнча жазылган катын карап жана талкуулап чыгып,Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын райондогу жалпы билим берүүчү мектептердеги интернет байланышынын абоненттик төлөмдөрүнө каражат бөлүү боюнча жазылган каты эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу жалпы билим берүүчү мектептердин интернет байланышынын төлөмдөрү үчүн 2019-жылдын бюджетинен каражат бөлүп берүү белгиленсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |