Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-октябры № 12
ЖДПБнын дарыгери Б.Көчөровдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Чаткал райондук ЖДПБнын дарыгери Б.Көчөровдун жашап жаткан квартирасынын жылуулук системасынын ондотууга каражат бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып,Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал райондук ЖДПБнын дарыгери Б.Көчөровдун жашап жаткан квартирасынын жылуулук системасынын ондотууга каражат бөлүп берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен Чаткал райондук ЖДПБнын дарыгери Б.Көчөровдун жашап жаткан квартирасынын жылуулук системасынын ондотууга 20000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |