Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-октябры № 13
Чебурашка балдар бакчасына инвентарь алуу жөнүндө
Каныш-Кыя айылындагы Чебурашка бала бакчасынын кенже тайпа ачууга инвентарь алууга каражат бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып,Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылындагы Чебурашка бала бакчасынын кенже тайпа ачууга инвентарь алууга каражат бөлүп берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылындагы Чебурашка бала бакчасынын кенже тайпа ачууга керектелүүчү инвентарларын жеринде барып тактап келүү жагы финансы,экономика,бюджет жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Ж. Бегалиев |