Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-октябры № 14
Абдыкайым уулу Азаматка материалдык жардам берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын Айгыр-Жал айылынын тургуну Абдыкайым уулу Азаматтын оорусуна байланыштуу жардам сураган кайрылуусун карап чыгып,Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын Айгыр-Жал айылынын тургуну Абдыкайым уулу Азаматтын кайрылуусу эске алынсын.
2. Айгыр-Жал айылынын тургуну 2- топтогу майып Абдыкайым уулу Азаматка операция жасатууга Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 100 000(жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кенешинин финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |