КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
2018-жылдын 02-октябры № 15
Ак шоола балдар бакчасынын кенже тайпасынын тамак-ашына каржат бөлүү жөнүндө
Чакмак-Суу айылынын Ак шоола бала бакчасынын 1-кенже тайпасынын тамак-ашын камсыз кылууга каражат бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып,Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чакмак-Суу айылынын Ак шоола бала бакчасынын 1-кенже тайпасынын тамак-ашын камсыз кылууга каражат бөлүп берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинде каражаттын тартыштыгына байланыштуу Чакмак-Суу айылынын Ак шоола бала бакчасынын 1-кенже тайпасынын тамак-ашын камсыз кылууга бөлүп берүүгө акча каражаты жок экендиги белгиленсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |