Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-октябры № 16
Балдар чыгармачылык үйүнүн ижара акысына каражат бөлүү жөнүндө
Чаткал райондук балдардын чыгармачылык үйүнүн ижара акысын төлөөгө каражат бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып,Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал райондук балдардын чыгармачылык үйүнүн ижара акысын төлөөгө каражат бөлүп берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Чаткал райондук балдардын чыгармачылык үйүнүн ижара акысын төлөөгө Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 12000(он эки миң)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кенешинин финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |