Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-октябры № 17
Мүчөлүк акыны төлөөгө каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруучулар союзунун ар бир кишиге төлөнүүчү мүчөлүк акысы боюнча кайрылуусун карап чыгып,Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруучулар союзунун ар бир кишиге мүчөлүк акы төлөө боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтуу өз алдынча башкаруучулар союзуна аймактагы калктын санына карата ар бир кишиге төлөнүүчү мүчөлүк акысы үчүн тиешелүү акча каражаты Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |