Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-октябры № 18
Ыдырыс-Ата зыярат кылуу комплексинин шайыгы Ф.Сатимовдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Ыдырыс-Ата зыярат кылуу комплексинин шайыгы Ф.Сатимовдун аталган комплексти короолоого каражат бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып,Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ыдырыс-Ата зыярат кылуу комплексинин шайыгы Ф.Сатимовдун аталган комплексти короолоого каражат бөлүп берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинде каражаттын тартыштыгына байланыштуу Ыдырыс-Ата зыярат кылуу комплексинин шайыгы Ф.Сатимовдун аталган комплексти короолоого болуп берүүгө акча каражаты жок экендиги белгиленсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |