Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-октябры № 20
Айчубак балдар бакчасына инвентарь алуу жөнүндө
Башкы-Терек айылындагы Айчубак бала бакчасына керектелүүчү инвентарь алууга каражат бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып,Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башкы-Терек айылындагы Айчубак бала бакчасына керектелүүчү инвентарь алууга каражат бөлүп берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Башкы-Терек айылындагы Айчубак бала бакчасына керектелүүчү инвентарларын жеринде барып тактап келүү жагы финансы,экономика,бюджет жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |