Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-октябры № 21
Айчубак балдар бакчасына тиешелүү акча каражатын башка багытка которуп берүү жөнүндө
Башкы-Терек айылындагы Айчубак бала бакчасынын алдына куюлуучу стяжкасына бөлүнгөн акча каражатын 1-корпустун чатырчасын ондоо иштерине которуп берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып,Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башкы-Терек айылындагы Айчубак бала бакчасынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Башкы-Терек айылындагы Айчубак бала бакчасынын алдына куюлуучу стяжкасына бөлүнгөн акча каражаты 1-корпустун чатырчасын ондоо иштери үчүн которулуп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Ж. Бегалиев |