Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-октябры № 24
Аз комплекстүү класстарды окутууга уруксат берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу А.Айымбетов атындагы негизги билим берүүчү мектебинин 1-класстан 9-класска чейин окуучулардын санынын жетишпегендиги боюнча кайрылуусун айылдык кеңештин сессиясында карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу А.Айымбетов атындагы негизги билим берүүчү мектебинин 1-9-класстарын аз комплектүү класс кылып окутууга уруксат берилсин.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу А.Айымбетов атындагы негизги билим берүүчү мектебинин белгиленген аз комплектүү класстарын бекитип берүү жагы Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким К.Ж.Эшалиевден суралсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |