Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-октябры № 27
Аз комплекстүү класстарды окутууга уруксат берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Башкы-Терек орто мектебинин 3-6-7-8-10-11-класстар боюнча окуучулардын санынын жетишпегендиги боюнча кайрылуусун айылдык кенештин сессиясында карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Башкы-Терек орто мектебинин 3-6-7-8-10-11-класстар аз комплектүү класс кылып окутууга уруксат берилсин.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Башкы-Терек жалпы орто билим берүүчү мектебинин белгиленген аз комплектүү класстарын бекитип берүү жагы Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким К.Ж.Эшалиевден суралсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |