Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-октябры № 29
“Баргы и Ко” ЖЧКсынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына “Баргы и Ко” ЖЧКсынын Коргон-Сай айылынын “Чанач-2”участкасынан чачынды алтынды казып иштетүү боюнча 29,17 га жер аянтын бөлүштүруп берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып,Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Баргы и Ко” ЖЧКсынын Коргон-Сай айылынын “Чанач-2”участкасынан чачынды алтынды казып иштетүү боюнча 29,17 га жер аянтын бөлүштүрүп берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагындагы кен казып алуу тармагындагы ишмердүүлүк жүргүзуп жаткан чакан ишканалардын казылган жерлерди кайра калыбына келтирүү, агын суулардын тазалыгын сактоо,жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылуудагы кетирип жаткан кемчиликтерин эске алуу менен “Баргы и Ко”ЖЧКсына Каныш-Кыя айыл аймагынан иштетүү үчүн жер аянты бөлүнүп берилбесин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |