Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-октябры № 30
Жайыт комитетинин кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин кайрылуусун карап жана талкуулап,Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин бекитилген сметадагы акча каражатын башка статьяга которуп берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин бекитилген сметасындагы акча каражаты көрсөтүлгөн багытта башка статьяга которулуп берилсин,ал эми штаттык бирдиктер боюнча тактап,кийинки сессияга сунуштоо жагы жайыт комитетинин төрагасы А.Дөөлөтовго тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |