Редакцияот 02.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы

 

2018-жылдын 02-октябры № 32

Аты жок көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнүндө

Каныш-Кыя айыл аймагынын Айгыр-Жал айылынын тургундарынын айылдын аты жок көчөлөрүнө ысым берүү боюнча элдик жыйындын токтому менен жөнөтүлгөн кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап ,Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1.Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Айгыр-Жал айылынын жалпы тургундарынын элдик жыйынынын токтому бекитилсин.

2. Айгыр-Жал айылындагы Кармоцех участкасындагы көчөгө Келечек,Кара-Булак участкасындагы көчөгө Субанов Бейшенкулдун ысымдары ыйгарылсын.

3. Көчогө ысымы берилген жарандардын атын жазып,номерлерин илүү менен көчөнүн көрктөндүрүлүшүнө жана абалына көз салуу алардын уул-кыздарына,туугандарына милдеттендирилсин.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл аймагына социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Бегалиев