Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-октябры № 33
Аты жок көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айылынын тургундарынын айылдын аты жок көчөлөрүнө ысым берүү боюнча элдик жыйындын токтому менен жөнөтүлгөн кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап ,Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1.Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Каныш-Кыя айылынын тургундарынын элдик жыйынынын токтому бекитилсин.
2. Каныш-Кыя айылындагы Маданият участкасындагы аты жок көчөлөргө Эшалиев Кутубектин,Кубатбеков Анарбектин,Артыкбаев Качкынбайдын жана Жер-Капчыгай участкасындагы көчөлөргө Барпы Сарпашевдин,Манап Рахматовдун жана Балбан Жолдошевдин ысымдары ыйгарылсын.
3. Көчөгө ысымы берилген жарандардын атын жазып,номерлерин илүү менен көчөнүн көрктөндүрүлүшүнө жана абалына көз салуу алардын уул-кыздарына,туугандарына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл аймагына социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |