Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-октябры № 35
Исмаил уулу Матиш атындагы мектебинин айланасын королоо,брусчаткалоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын түрткү берүүчү грант аркылуу Айгыр-Жал айылындагы Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебинин айланасын королоо,брусчаткалоо боюнча жазган долбоорун карап чыгып жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын түрткү берүүчү грант аркылуу Айгыр-Жал айылындагы Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебинин айланасын королоо,брусчаткалоо боюнча жазган долбоорунун сметалык баасы 2 677 870 сом экендиги белгиленсин.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтуу бюджетинен өздүк салымы үчүн 870 361 сом акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен капиталдык ремонттун сметалык баасынын 1 807 503 сому түрткү берүүчү грант аркылуу каржылап беруу жагы суралсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |