Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-октябры № 36
А.Баймырзаев атындагы орто мектебин ремонттоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын түрткү берүүчү грант аркылуу Каныш-Кыя айылындагы А.Баймырзаев атындагы орто мектебинин ремонту боюнча жазган долбоорун карап чыгып жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын түрткү берүүчү грант аркылуу Каныш-Кыя айылындагы А.Баймырзаев атындагы орто мектебинин ремонту боюнча жазган долбоорунун сметалык баасы 3 038 292, 00 сом экендиги белгиленсин.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен өздүк салымы үчүн 1 392 127 сом акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен капиталдык ремонттун сметалык баасынын 1 646 165 сом түрткү берүүчү грант аркылуу каржылап берүү жагы суралсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |